"Коопсуз өлкө" долбоорунун акылдуу камералары иштей баштады
04.07.2025 08:42
13
2025-жылдын 4-июлунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 14 жаңы аппараттык-программалык комплекстин даярдыгы текшерилди. Аларды киргизүү "Коопсуз өлкө" масштабдуу долбоорун ишке киргизүүнүн алкагында ишке ашырылууда. 5-июлдан баштап акылдуу камералар кадимки режимде иштей баштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Авариялык-кооптуу жол тилкелеринде жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларын автоматтык түрдө каттай алган заманбап интеллектуалдык камералар орнотулду. Бул жабдуулар күнү-түнү тынымсыз иштеп, ылдамдыкты ашырууну, тыюу салынган белгиге өтүүнү, жол белгилерин бузууну, коопсуздук куурдун болушун, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди жана башка жолдогу кооптуу мыйзам бузууларды аныктай алат.
Мындан сырткары, аталган жол бөлүгүндө ар 5 чакырым сайын көчмө аппараттык-программалык комплекстер (треноги) колдонулуп, «Автоураган» системасы менен жабдылган 7 патрулдук автоунаа кызмат өтөйт. Бул система жол эрежелерин бузган учурларды гана эмес, издөөдө жүргөн, айып пулдарын төлөбөгөн, соттун чечими менен каттоосу убактылуу токтотулган унааларды да автоматтык түрдө аныктайт.
Бул системанын ишке кириши айдоочулардын тартибин жогорулатып, жол кырсыктарынын санын азайтууга жана жалпы жол коопсуздугун күчөтүүгө багытталган.
ИИМдин Басма сөз кызматы