Мамлекеттик ишкана

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык багыттагы борбору

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык багыттагы борбору

ИИМ жолдордо тынчтыкты жана тартипти камсыз кылуу чараларын күчөттү: түнкү рейддер башталды

07.07.2025  11:01

18

ИИМ жолдордо тынчтыкты жана тартипти камсыз кылуу чараларын күчөттү: түнкү рейддер башталды

Ички иштер министрлигинде ыкчам кеңешме болуп, анын жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары  Нурбек Абдиев Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамын жана жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган учурларды алдын алууга багытталган рейддик иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү боюнча так көрсөтмө берди.

Мындай чаралар жарандардан түн ичинде жасалма үн чыгаргыч орнотулган унаалардын катуу үнүнөн улам түшкөн көптөгөн арыз-даттанууларга байланыштуу кабыл алынды. Ошондой эле акыркы убакта скутер жана мопед айдоочуларынын жол эрежелерин одоно бузуу учурлары көбөйгөнү белгиленди.

Иш-чараларга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тартылды.  Айрыкча катуу үн чыгарып, техникалык талаптарга жооп бербеген унааларды башкаргандарга жана тиешелүү документсиз, коргоочу каражаттарсыз же жол эрежелерин бузуу менен скутер айдагандарга көңүл бурулууда.

Ички иштер министрлиги эскертет: тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу ар бир жол кыймылынын катышуучусунун милдети. Рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, ал эми мыйзам бузгандарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, жарандардын эс алуусуна, уйкусуна жана кадимки жашоосуна тоскоолдук кылган катуу үн - мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мыйзамга ылайык, жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин ызы-чуу салууга тыюу салынат.

ИИМдин Басма сөз кызматы